Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңешинин 4-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 22-апрели № 25

2024-жылдын 9-айлык жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн бирге каржылоо бюджетин бекитүү жөнүндө

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги протоколуна ылайык

Айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Москва райондук өнүктүрүү фондунун жалпы наркы 7 104 652,17 сомду түзгөн “№1 Октябрь орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо” долбоору боюнча 9 (тогуз) айдын жыйынтыгы боюнча 2 000 000 сомго Миң-Булак айыл өкмөтүнүн биргелешкен каржылоо бюджети бекитилсин.

2. Миң-Булак айыл өкмөтү Москва райондук өнүктүрүү фондуна эсептик сметалык документтерин өз убагында берүүсүн камсыздасын.

3. Контроль за исполнением данного постановления возложить на главу Мин-Булак айыл окмоту Алыбекова Б.Ж.

 

Председатель

 

Саркулов Б.К.