Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 5

 

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылындагы атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинин 2023-жылдын 9-февралындагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХII чакырылышындагы депутаттардын XXII сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Талас өнүктүрүү” фондусуна долбоорду тандоо жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXIV сессиясы Боо-Терек айылынын “Курама-Төр” суу пайдалануучулардын ассоциациясынын жетекчиси У.Серековдун суугат суу ирригация боюнча долбоорун карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Талас өнүктүрүү” фондусуна Боо-Терек айылынын “Курама-Төр” суу пайдалануучулардын ассоциациясынын жетекчиси У.Серековдун суугат суу, ирригация боюнча долбоору жактырылып бекитилсин. Долбоорго ички каналдарга 30 даана шабаа алуу жана орнотуу маселеси каралгандыгы эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн турак-жай коммуналдык бөлүмүнүн 2215-статьясынын ар кандай иш- чараларга деп бекитилген 102000 сом акча каражатынын ичинен 52000 (элүү эки миң) сом акча каражаты долбоорду иштеп чыгуу үчүн сметчиктин жана тех.надзордун кызмат акысына бөлүнүп берилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысы жана “Курама-Төр” суу пайдалануучулардын ассоциациясынын жетекчиси тиешелүү иш кагаздарды даярдап “Талас өнүктүрүү” фондусуна жөнөтүшсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин депутаттарынын Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Мамыралиев А.