Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 7

 

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылындагы бюджетинин аппарат бөлүмүнүнүн 2215 статьясынан адвокаттык кызмат көрсөтүүсүнө каралган 100 000 сом акча каражатынын ичинен 42 000 сом акча каражатты жеке адвокат Т.Р.Рыскулбековго мамлекеттик сатып алуу порталсыз түздөн түз келишим түзүү жолу менен которуп берүү жөнүндө

 

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылындагы бюджетинин аппарат бөлүмүнүнүн 2215 статьясынан адвокаттык кызмат көрсөтүүсүнө каралган 100 000 сом акча каражатынын ичинен 42 000 сом акча каражатты жеке адвокат Т.Р.Рыскулбековго мамлекеттик сатып алуу порталсыз түздөн түз келишим түзүү жолу менен которуп берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүнүн 2215 статьясынан адвокаттык кызмат көрсөтүүсүнө каралган 100 000 сом акча каражатынын ичинен, жеке адвокат Рыскулбеков Тилек Рыскулбекович менен келишим түзүлүп 42 000 (кырк эки миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбековго жана КЭБ башчысы Р.Дуйшенкуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Мамыралиев А.