Редакцияот 22.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2022-жылдын 22-сентябрындагы № 179

 

Чон-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн алдында түзүлгɵн ТЖКЧТ нун айлык маянасына акча-каражатын кароо жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы “Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №266 Жарлыгына жана ТЖКЧ жана ЖТКТ нун жетекчиси Ж.Калиевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Республикалык бюджеттен каржыланып берилген жер салыгынын биринчи жарым жылдыгындагы түшпѳй калган 179,5 сом өлчөмүндөгү акча-каражатын ТЖКЧ жана ЖТКТ башка чыгымдарына жумшоо

 

- ТЖКЧ жана ЖТКТ 22154900-179,5 мин сом;

 

2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Тѳрага

 

Т.Туйгунов