ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XXVΙ (жыйырма алтынчы) сессиясы
2024-жылдын 15-январы № 171/XXVΙ-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн О.Бөлөбалаев орто мектебинин от калооочу жайына тиешелүү 100 м.кв. жер тилкесин жана от калоочу жайынын трубасын ОсОО “Скай-Мобайл” компаниясы менен ижара келишимин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-январындагы № 03-13/20 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн О.Бөлөбалаев орто мектебинин от калооочу жайына тиешелүү 100 м.кв. жер тилкеси н жана от калоочу жайынын трубасын ОсОО “Скай-Мобайл” компаниясы менен ижара келишимин түзүүгө макулдук сурап” кайрылган катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө”Типтүү Жобого ылайык негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн О.Бөлөбалаев орто мектебинин от калооочу жайына тиешелүү 100 м.кв. жер тилкесин жана от калоочу жайынын трубасын ОсОО “Скай-Мобайл” компаниясы менен ижара келишими 5 жылдык мөөнөт менен түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |