БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 2-июну № 3
Айылдын жолдорунун кесилиштерине жана сейил бактарга видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотууга акча каражатын кароо жөнүндө
Боо-Терек айылынын жолдорунун кесилиштерине, көпүрөлөргө жана сейил бактарга видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата райондук администрациясынын 11.05.2023-жылындагы №01-10/1156 чыгыш сандуу каты эске алынып, айылдын жолдорунун кесилиштерине, көпүрөлөргө жана сейил бактарга видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу жагы 2023-жылдын IV кварталына планга киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, бул токтомду аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын которуу үчүн 2023-жылдын IV кварталына планга киргизип, дайындалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын пландаштырып, камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мамыралиев А. |