Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Бириккен Кең-Булуң айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 21 февралындагы № 1

 

«Бириккен Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу»

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бириккен Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протокол бекитилсин.

2. Бириккен Кең-Булуң айыл аймагынын айылдык кеңешининРаимбеков Урмат Салморбекович шайланган төрагасы деп таанылсын.

3. Кең-Булуң айыл өкмөтү төраганы шайлоо жөнүндө № 1-протоколдун негизинде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат орду штаттык ырааттамага киргизилсин.

4. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5,6-беренесинин 40-бөлүктөрүнө ылайык калкынын саны 20001 адамдан кем болбогон айылдык кеңештин төрагасы акы төлөнүүчү негизде иштейт. Төрага шайланган күндөн тартып, т.а. 2024-жылдын 21 февралынан баштап Кең-Булуң айыл өкмөтү У. С. Раимбековго эмгек акы төлөсүн.

5. Кең-Булуң айыл өкмөтү 2024-жылдын 1-апрелинен баштап айылдык кеңеш үчүн иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы кызматын штаттык ырааттамасына киргизсин.

6. Кең-Булуң айыл окмоту айылдык кенештин торагасы учун 300 литр КММ ай сайын 1-апрель 2024-ж.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

У.С.Раимбеков