Редакцияот 02.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 2-июну № 5

 

Боо-Терек айылындагы Ч.Сатаев атындагы маданият үйүнүн түндүк жагындагы, Н.Молдалиев атындагы бала бакчанын түштүк жагындагы, тактап айтканда ушул эки социалдык объекттин ортосунда жайгашкан ээси жок 0,20 сотых аныкталган жерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы, Боо-Терек айылындагы Ч.Сатаев атындагы маданият үйүнүн түндүк жагындагы, Н.Молдалиев атындагы бала бакчанын түштүк жагындагы, тактап айтканда ушул эки социалдык объекттин ортосунда жайгашкан ээси жок 0,20 сотых аныкталган жерди, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү айылдык Кеңешинин “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылынын 22-майындагы протоколдук чечимин карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, Боо-Терек айылындагы Ч.Сатаев атындагы маданият үйүнүн түндүк жагындагы, Н.Молдалиев атындагы бала бакчанын түштүк жагындагы, тактап айтканда ушул эки социалдык объекттин ортосунда жайгашкан ээси жок 0,20 сотых аныкталган жерди, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына” кайрылып мамлекеттик актысын жасатып бүтүрсүн.

2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Мамыралиев А.