Редакцияот 02.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 2-июну № 6

 

Боо-Терек айыл аймагындагы Талас дарыясында жайгашкан стратегиялык көпүрөгө «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен мамлекеттик АКТы алуу жана жээктерин бекемдөө жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы, айыл аймагындагы Талас дарыясында жайгашкан стратегиялык көпүрөгө «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен мамлекеттик АКТы алуу жана жээктерин бекемдөө жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Талас дарыясында жайгашкан стратегиялык көпүрөгө мамлекеттик АКТы алуу үчүн “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына” кайрылып жасатып бүтүрсүн.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынан стратегиялык көпүрөгө тиешелүү корутундуларды сурасын.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл аймактагы Талас дарыясында жайгашкан стратегиялык көпүрөнүн түштүк жана түндүк тарабындагы эки жээгин бекемдөө боюнча иш аракеттерин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү эксперттеринин корутундусу менен, атайын түзүлгөн сметага ылайык, бетондоо иштерин ӨКМ менен биргеликте ишке ашырсын.

4. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына ошондой эле айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Мамыралиев А.