БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 2-июну № 7
Боо-Терек айылындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына курулуп жатып, эки жылдан бери токтоп бүтпөй калган жаңы имаратынын курулушун ашар жолу менен Элден акча каражат чогултуп улантып бүтүрүү жөнүндө
Айылыбыздын №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына курулуп жатып, эки жылдан бери токтоп бүтпөй калган жаңы имаратынын курулушун ашар жолу менен Элден акча каражат чогултуп улантып бүтүрүү жөнүндө сунуштарды угуп, талкуулап жана бул иш тууралуу Кыргыз Республикасынын бийлик бутактары тарабынан тергөө жыйынтыктарын чыгарылбагандыгын эске алып жана ошондой эле кыргыздын “Ырыс алды ынтымак”, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу”, “Көп түкүрсө, көл болот” деген макалдарын жетекчилике алып Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бийлик бутактары тарабынан, №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына курулуп жатып, эки жылдан бери токтоп бүтпөй калган жаңы имаратынын курулушу боюнча тергөө жыйынтыктары чыгарылбагандыгы эске алынсын.
2. Айылыбыздагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына курулуп жатып, эки жылдан бери токтоп бүтпөй калган жаңы имаратынын курулушун ашар жолу менен Элден акча каражат чогултуп, улантып бүтүрүү үчүн, төмөндөгүдөй тартипте Боо-Терек айыл өкмөтүнүн администрациясы иш алып барышсын:
§ Айыл өкмөттүн администрациясы, тез аранын ичинде ашар жолу менен Элден акча каражат чогултуу үчүн иш-чара планын иштеп чыксын;
§ Акча каражат чогултуу боюнча Айыл өкмөттүн администрациясы Эл арасынан (Жаштар комитетинен, аялдар Кеңешинен, аксакалдар Кеңешинен, аксакалдар Соттук Кеңешинин мүчөлөрүнөн) комиссия түзүшсүн;
§ Айылдын мекеме-уюмдарынан жардам сурашсын;
§ Айылыбыздын бардык жеке ишкерлеринен (дүкөнчү, бизнесмендерден) жардам сурашсын;
§ Ар кандай марафондорду уюштурушсун;
§ Акча каражаттырын чогултуу максатында уюлдук телефондору аркылуу жарыя жөнөтүш үчүн,№9 ҮДТун бүтпөй калган жаңы имараты жөнүндөгү ар кандай слайд-роликтерди даярдашсын;
§ Айылыбыздын баардык WhatsApp группалары аркылуу Элден жардам сурашсын;
§ Бишкек шаарында, Россия Федерациясында жана чет мамлекеттерде эмгектенген биздин айылдын жарандарына баардык интернет булактары аркылуу (WhatsApp, Telegram, Instagram, Facebook ж.б.у.с.) кайрылып жардам сурашсын;
§ Айылыбыздын курулуш иштери боюнча усталарынан жардам сурашсын;
§ Айылдын жыл-жылдар боюнча бөлүнгөн классташтар ынтымактарына кайрылып жардам сурашсын.
3. Акча каражаттарын чогултууга банктык эсептерди ачуу жагын камсыздоо, айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага милдеттендирилсин.
Чогулган акча каражаттар тендерге берилбей, порталга жайгаштырылбай түз берүү жолу менен түзүлгөн комиссиянын чечими, көзөмөлү менен түздөн-түз курулуш материалдары сатылып алынып айылыбыздын курулуш иштери боюнча усталарына берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жаштар, спорт жана маданият” боюнча туруктуу комиссиясы менен “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мамыралиев А. |