Редакцияот 02.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 2-июну № 9

 

Боо-Терек айылына демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

 

Боо-Терек айылына демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы У.Э.Буланбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылына демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын Боо-Терек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э.Буланбековго милдеттендирилсин.

2. Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасынын төмөндөгүдөй ТК техникалык каттоо жөнүндөгү күбөлүгүндөгү маалыматтары эске алынсын:

·         Маркасы, модели - Mercedes-Benz 906КА35

·         Чыккан жылы - 2005

·         Түсү - ак кызыл сызыкчасы менен

·         Идентификациялык номери (VIN) – WDB9036621R735763

·         Кузовунун № - WDB9036621R735763, шассисинин № - WDB9036621R735763

·         Кузовунун түрү – ГРУЗОВОЙ, ФУРГОН

·         Орундарынын саны – левый руль С1, 3

·         Отундун түрү – дизель

·         Кыймылдаткычынын иш көлөмү, СМ3 – 2148

·         Кыймылдаткычтын кубаттуулугу, кВт –

·         Жүксүз салмагы кг - 2180

·         Уруксат берилген максималдуу салмагы, кг – 3500

·         Каттоо номери – 01 KG 804 ALB

·         Уникалдуу идентификатору (VID) 3600283280920

·         Ээси – Осмонбеков Өмүрбек Күлчороевич

·         ИЖН/ПИН, ИСН/ИНН – 22211198600237

·         Ээсинин дареги – г.Бишкек, Свердловский р-н, улица Славянская, дом 77А

·         Берген мекеме – 418051

·         Катталган күнү – 30.09.2022

·         ТК техникалык каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн № – АВ 0174763

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Мамыралиев А.