Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII– чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы

 

2023-жылдын 16-февралы № 3

“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын 2022-жыл ичи

аткарган иштери жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө  

“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовдун 2022-жыл ичи аткарган иштери жана 2023-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана  талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XVII сессиясы                

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовдун 2022-жыл ичи аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү берген маалыматы эске алынсын.

2. “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовдун 2022-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү отчеттук маалыматы сессиянын жүрүшүндөгү сунуштарды эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.

3.“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын бюджети 2023-жылга 495 600 сомго тиркемеге  ылайык бекитилсин.

4.Жыл ичинде “Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын бюджетин кирешелеринин түшүүсүнө карата бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү жагы ишкананын жетекчиси И.Адашовго жүктөлсүн.

5.“Бүргөндү” Таза-Суу ишканасынын жетекчиси И.Адашовго ишкананын иштерин жакшыртуу боюнча төмөнкү милдеттер тапшырылсын: 

- аймактагы жергиликтүү калкка таза сууну жеткирүүдө тиешелүү иш аракеттерди алдына ала көрүү

- таза сууну элге үзгүлтүксүз жеткирүүдө таза суу скважинасындагы насос ж.б. тетиктердин запастарын камсыздоо боюнча алдын ала иш аракеттерди жүргүзүү 

- таза суу менен камсыз болгон калктуу конуштардагы кожолуктардын жана коммерциялык ишканалардын санын кайрадан тактоо ошону менен бирге таза суу менен камсыз болгон калктуу конуштардан өндүрүмдү толугу менен жыйноону колго алуу

6.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Кубатбеков