Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII– чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы

 

2023-жылдын 16-февралы № 4

“Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасынын 2022-жыл ичи

аткарган иштери жөнүндө

 

“Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасынын жетекчисинин 2022-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана  талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XVII сессиясы

              

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.“Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасынын жетекчисинин 2022-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

2. “Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасынын жетекчисинин 2022-жыл ичи аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы сессиянын жүрүшүндөгү сунуштарды эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.

3. Жыл ичинде “Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасынын бюджетин кирешелеринин түшүүсүнө карата бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү жагы ишкананын жетекчисине жүктөлсүн.

4.“Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасынын жетекчисине ишкананын иштерин жакшыртуу боюнча төмөнкү милдеттер тапшырылсын: 

- аймактагы жергиликтүү калкка таза сууну жеткирүүдө тиешелүү иш аракеттерди алдына ала көрүү

- таза сууну элге үзгүлтүксүз жеткирүүдө таза суу скважинасындагы насос ж.б. тетиктердин запастарын камсыздоо боюнча алдын ала иш аракеттерди жүргүзүү 

- таза суу менен камсыз болгон калктуу конуштардагы кожолуктардын жана коммерциялык ишканалардын санын кайрадан тактоо ошону менен бирге таза суу менен камсыз болгон калктуу конуштардан өндүрүмдү толугу менен жыйноону колго алуу

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Кубатбеков