Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18- чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-сентябры  №3/13

 Муниципалдык менчик объектерин башкаруу тартиби жөнүндө

жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине  ылайык  Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү Жобонун 73-бөлүгү төмөндөгүдөй бөлүмчө менен толукталсын:

-        Муниципалдык менчик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин ишке ашыруунун алкагында жеке ишкердик өнөктөшкө жана долбоордук компанияга берилсе; муниципалдык менчик Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун ортосундагы “Жергиликтүү комчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо” долбооорунун алкагында ири долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Крыгыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агествосунун (АРИС) жана Кара-Суу айыл аймагынын 2024-жылдагы макулдашуусунун алкагында белгиленген тартипте тандалган Бизнес –өнөктөшкө берилет.

-        Ижарачыларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык мүлктү ижарага берүү учурунда бир календарлык жыл үчүн ижарага алынган мүлк үчүн төлөмдүн өлчөмү ижарага берүүчү тарабынан төмөндөгү жолдордун бири менен аныкталат.

-        Төмөнкү формула боюнча ири долбоордун өзүн актоо мөнөөтү 100 пайыз мүлктүн наркы өзүн актоо мөөнөтү (ай менен).

-        Ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтүнүн ичинде 1 эсептөө көрсөткүчү менен төлөнөт, анда ижара акысынын суммасы төмөнкү формула менен эсептелип төлөнөт: өзүн актоо мөнөөтү 100 пайыз мүлктүн наркы өзүн актоо мөнөөтү (ай менен).

  1. Токтомдун аткарылышы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күнү күчүнө кирет.

Төрага

Ж. Иманкулов

      БЕКИТИЛДИ

      Кара-Суу айылдык Кеӊешинин

      2022-жылдын 29- апрелиндеги  

      № 4\1 токтому

  

 Муниципалдык менчик объектерин башкаруу тартиби жөнүндө

ЖОБО

(2024-жылдын 16-сентябрындагы №3/13 токтому менен өзгөртүү киргизилсин)

Жалпы жоболор

1. Бул жобо Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчик объектерин башкаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган объекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилейт.

2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр.

ижара – муниципалдык менчик объектин белгилүү бир акыга же акысыз түрдө белгилүү бир мезгилге колдонуу укугу менен ал объектти ижарага берүүчүнүн (айыл өкмөтү) ижарачыга бериши;

аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү деп эсептелген тооруктардын формасы;

кепилдик төлөмү – жер участогуна укук алуу максатында тооруктарга катышууну каалаган талапкер тарабынан киргизилүүчү акчалай сумма;

шаар куруу регламенти – шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтери, куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген айылдагы калктуу жерлерде жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объектерин уруксат берилген колдонуунун параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;

шаар куруу документи – райондук пландаштыруу долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландаштыруунун, чек салуунун, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн куруунун калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;

сары сызыктар – уратуучу жер титиретүүлөрдүн, башка жаратылыш же техногендик кырсыктардын кесепетинде имараттардын (курулмалардын, куруулардын) ширендилеринин (уроолордун) мүмкүн болгон жайылуусунун максималдуу жол берилген зоналарынын чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттар менен курулмалардын ортосундагы ажырылган жерлерди жөнгө салуу үчүн колдонулат.

конкурс – катышуучулардан тооруктардын предметине карата ижарага берүүчү тарабынан белгиленген шарттарды аткаруусу талап кылынган тооруктардын формасы;

кызыл сызыктар – көчөлөрдүн жана жолдордун кеңдигин аныктоочу жана көчөлөр менен жолдорду пландуу түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп туруучу чек болуп саналган сызыктар;

лот – менчик укукка ээ болуу тооруктарда коюлган муниципалдык менчиктин конкреттүү объекти;

ак ниетсиз атаандаштык - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иштиктүү жүгүртүү салттарына, ак ниеттүүлүктүн, акылга сыярлыктын жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келип, ушундай иш-аракеттер жыйынтык берген субөекттердин артыкчылыктарды алууга багытталган төмөнкүдөй ар кандай иш-аракеттери:

- тооруктардын катышуучуларынын өз ара жашырын көмүскө бүтүмү;

- коррупция;

- тооруктарда бааны жасалма түрдө жогорулатуу, төмөндөтүү же кармап туруу;

- тооруктарга жетүүнү чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу жана башка ак ниетсиз иш-аракеттер;

көз карандысыз баа берүүчү – кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектерине баа берүү боюнча кесиптик билими жөнүндө тиешелүү сертификаты бар адам;

муниципалдык менчик объекти – кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ага менчик укугуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ээ;

түздөн-түз сүйлөшүүлөр – тооруктарды өткөрбөстөн, түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик объектерине колдонуу (ижара) укугун жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) берүү ыкмасы;

менчик укугу – мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен өздөрүнө таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектерин жеке жана юридикалык жактардын өздөрүнүн ыктыяры боюнча ээлөөгө, колдонууга жана тескөөгө укугу;

жер участогун уруксат берилген колдонуу – жер участогун калктуу конуштардын шаар куруу документтери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык колдонуу;

тоорук объектисинин баштапкы баасы – тооруктарда сатуу үчүн сунушталган муниципалдык менчик объектисинин алгачкы баасы;

объекттин баалануучу наркы – көз карандысыз баа берүүчүлөр тарабынан аныкталган муниципалдык менчик объектисинин баасы;

тооруктар – муниципалдык менчикте турган объекттерге менчик же ижара укугун белгиленген шарттарга ылайык эң мыкты сунуш берген жакка берүү ыкмасы.

Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;

объекттин максаттуу пайдалануу – муниципалдык менчик объектерин объектке укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү документтерде же тендердик документтерде көрсөтүлгөн максаттарда колдонуу.

3. Тооруктарды/түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү уюштуруучулар, катышуучулар жана анын предмети

 Муниципалдык менчик объектерине укук берүү боюнча тооруктарды уюштуруучу болуп айыл өкмөтү саналат.

4. Муниципалдык менчик объектерине укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык Муниципалдык менчик объектерине укук берүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.

Комиссиянын курамына айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет. Комиссиянын курамы айылдык кеңешинин чечими менен бекитилет.

                    Комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

- төрагасын жана катчысын шайлайт.

- муниципалдык менчик объектерине менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алат;

- муниципалдык менчик объектерине укуктун түрүн (менчик, ижара), аны берүү ыкмасын (аукцион, конкурс, түздөн-түз сүйлөшүүлөр); аукциондук кадамдын өлчөмүн (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;

- тооруктарга коюлуучу объектеринин баштапкы баасынын өлчөмүн белгилейт;

- тооруктардын жыйынтыктарын аныктайт;

- ушул Жободо каралган компетенциянын чегинде муниципалдык менчик объектерине укук берүү менен байланышкан башка маселелерди карайт.

Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин кворуму болгондо, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна Комиссиянын жыйналышына катышкан төрага жана Комиссиянын мүчөлөрү, ал эми ушул Жободо каралган учурларда, - ошондой эле тооруктардын жеңүүчүсү кол коёт.

6. Тооруктардын жана түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары болуп жеке жана юридикалык жактар чыгат.

7. Тооруктардын предмети болуп муниципалдык менчик объектин сатып алуу-сатуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу (ижаралоо) келишимин түзүүгө укук, ал эми түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн предмети болуп тооруктарды өткөрбөстөн муниципалдык менчик объектерине мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишимин түзүүгө укук саналат.

4. Тооруктар же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу укук берүү үчүн муниципалдык менчик объекттери боюнча лот түзүүнүн тартиби

8. Муниципалдык менчик объектерин ижарага же менчикке берүүдө төмөнкүдөй маалыматтык пакет даярдалат:

- каттоочу органдын үчүнчү жактардын кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдүн объектине укуктарынын жоктугу тууралуу маалымдамасы;

- муниципалдык менчик объектисинин техникалык спецификациясы;

- уруксат берилген (максаттуу) пайдалануунун түрлөрү;

- жайлар үчүн, инженердик коммуникациялардын бар же жок экендиги, максималдуу уруксат берилген кубаттуулук, инженердик коммуникацияларга кошулуу мөөнөттөрү жана наркы тууралуу маалыматтар, ошондой эле инженердик коммуникациялар жок болгон учурда – ушул райондо инженердик коммуникацияларды пландаштырып өнүктүрүү, пландаштырылуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуу мөөнөттөрү жана наркы тууралуу маалыматтар;

- муниципалдык менчик объектисинин баалануучу же баланстык наркы;

- муниципалдык менчик объекттери боюнча орточо айлык амортизациялык чегерүүлөрүнүн эсеби;

- жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлккө салык) боюнча эсеп;

- муниципалдык менчик объектисин сатуунун баштапкы наркы (көз карандысыз баа берүүчүнүн корутундусу);

- ижара акысынын баштапкы коюмунун эсеби.

                Арыздарды берүү жана кароо тартиби

9. Тооруктар аркылуу муниципалдык менчик объектерине укук алууга талаптанган жеке жана юридикалык жактар айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылат.

10. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- арыз ээси тууралуу маалымат (аты-жөнү, жашаган жери, жарандыгы);

- муниципалдык менчик объектерине сурап жаткан укуктун түрү (менчик же убактылуу пайдалануу укугу);

- муниципалдык менчик объектисинин аталышы;

- инвестициялык-куруу ниетинин баяндалышы, объекттин аянты, жайгашкан жери; конкреттүү жер участогу же жай жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жайгашкан жерди көрсөтөт.

11. Айыл өкмөтү арызды кабыл алгандыгы тууралуу ырастоону арыз ээсине берет.

12. Суралып жаткан жер участоктору жана жер участогу бар кыймылсыз мүлк объекттери үчүн айыл өкмөтү арыз түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө аймактык архитектура жана курулуш органына жер участогун түзүү боюнча тиешелүү тапшырма жөнөтөт.

Айыл өкмөтүнүн тапшырмасында инвестициялык-куруу ниетинин баяндалышы, участоктун болжолдуу аянты жана анын жайгашкан жери каралат.

13. Мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогунда имараттар жана курулмалар, анын ичинде ушул жактарга таандык курулушу аяктабаган объекттер жайгашып, ошондой эле укук берилип жаткан жер участогу буга чейин түзүлгөн учурда жер участогун экинчи ирет түзүү талап кылынбайт.

14. Аймактык архитектура жана курулуш органы суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине жана куруу жана жер пайдалануу эрежелерине шайкеш келишин белгилейт.

Билдирилген ниеттердин шайкеш келбестигин белгилөөдө аймактык архитектура органы айыл өкмөтүнө суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине жана куруу жана жер пайдалануу эрежелерине шайкеш келбестиги тууралуу корутунду жөнөтөт.

15. Суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине шайкеш келүүсүн белгилөөдө аймактык архитектура жана курулуш органы 1:500 масштабында топографиялык негизде аткарылган жер участогунун схемасын даярдайт, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:

- бурч чекиттеринин координаттарын көрсөтүп же участоктун чектерин кыймылсыз мүлктүн учурдагы объектерине же геодезиялык белгилерге байлоо менен жер участогунун чек аралары;

- жер участогу боюнча өтүүчү инженердик-техникалык тармактардын учурдагы трассалары.

16. Жер участокторун түзүү боюнча иштердин стадиясында аймактык архитектура жана курулуш органы тарабынан инженердик-техникалык коммуникацияларга кошулуунун алдын ала техникалык шарттарын аныктоо максатында, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тиешелүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында инженердик-техникалык кызматтар менен өз ара аракеттенүү камсыз кылынат.

17. Архитектура жана курулуш органы корутунду берет, анда куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар жана мыйзамда каралган учурларда – тиешелүү мыйзамды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.

Инженердик тармактарга кошулуу мүмкүндүгүнүн жоктугу тооруктардын катышуучусу же жер участогун түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу алып жаткан адам бул тууралуу маалымдар болгон шартта жер участогуна укук берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

18. Лоттун объектисинин документтерин даярдоо менен байланышкан чыгымдар (архитектура органдарынын, Мамкаттоонун жана көз карандысыз баа берүүчүнүн корутундулары) тооруктар же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу сатылып жаткан объекттин наркына кошулат.

19. Жер участогу менчикке берилип жаткан учурда, жер участогуна менчик укугу менен катар менчик ээсине кыймылсыз мүлктүн башка объектерине, анын ичинде берилген жер участогунда жайгашкан тигилген бак-дарактарга да менчик укугу берилет. Бул учурда тигилген бак-дарактарды, курулмаларды жана курулуп бүтө элек жер участогун пайдалануу шарттарын менчик ээси өзү аныктайт, ал эми ижара төлөмү жер участогу жана курулмалар үчүн өз-өзүнчө эсептелет.

20. Аймактык архитектура жана курулуш органы алынган материалдардын негизинде 2 нускада Жер участогунун планын даярдайт.

Жер участогунун планы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) 1:500 масштабында топографиялык негизде аткарылган жер участогунун схемасы түрүндө графикалык материал, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:

- бурч чекиттеринин координаттарын көрсөтүп же участоктун чектерин кыймылсыз мүлктүн учурдагы объектерине же геодезиялык белгилерге байлоо менен жер участогунун чек аралары;

- жер участогу боюнча өтүүчү инженердик-техникалык тармактардын учурдагы трассалары;

- инженердик-техникалык тармактардын өтүүсүнүн долбоордук трассалары жана аларга кошулуу чекиттери, ошондой эле куруу зоналарына туш келген инженердик коммуникацияларды чыгаруу трассалары;

- куруу линиялары, кызыл, сары линиялар;

- суу коргоо зоналарынын, санитардык-коргоо зоналарынын чек аралары;

- участокко баруу жолдорун уюштуруу;

- санын көрсөтүү менен (талап кылынса) унаа коюу жерлеринин мүмкүн болгон жайгашуусу.

б) Төмөнкүлөрдү караган текст материалы: жер участогунун параметрлерин (мүнөздөмөсүн), анын ичинде кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик көрүнүштөрдүн болушу жана жер титирөөгө туруктуулук тууралуу маалыматтар, суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине жана Куруу жана жер пайдалануу эрежелерине шайкеш келүүсү тууралуу маалыматтар, ошондой эле жер участокторун уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.

21. Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү карайт:

- уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;

- курулмалардын жер участокторунун чектеринен минималдуу чыгуусу;

- курулмалардын чектик (максималдуу жана/же минималдуу) кабаттуулугу (бийиктиги);

- участоктун максималдуу мүмкүн болгон аянты жана куруу пайызы.

22. Участок Жер участогунун планында тиешелүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда төмөнкүлөр боюнча кошумча шаар куруу регламенттеринин болушу көрсөтүлөт:

- куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, суу коргоо жана башка экологиялык шарттары;

- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары.

23. Жер участогунун жайгашкан жерине жана объекттин функционалдык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар коюлушу мүмкүн:

- көрктөндүрүүгө жана фасаддарга карата талаптар;

- санын көрсөтүү менен (талап кылынса) унаа коюу жерлерин жана участокко баруу жолдорун, анын ичинде курулуш мезгилине убактылуу жолдорду уюштурууга карата талаптар;

- куруу аянтынан инженердик-техникалык коммуникацияларды чыгаруу (жеке менчикте тургандардан тышкары) боюнча талаптар;

в) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген объектти инженердик тармактарга кошуунун алдын ала техникалык шарттары;

г) тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.

24. Төмөнкүдөй болгон учурларда жер участогуна укук берүүгө жол берилбейт:

- жер участогу ушул Жобого ылайык түзүлбөсө;

- аймактык архитектура органынын суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шайкеш келбегендиги тууралуу корутундусу же болбосо жергиликтүү каттоо органынын жер участогун берүү мүмкүндүгү тууралуу терс корутундусу болсо.

25. Жер участогун жана лоттун объектеринин документтерин түзүү менен байланышкан айыл өкмөтүнүн чыгымдары тооруктар же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу сатылып жаткан объекттин наркына кошулат.

26. Муниципалдык менчик объектисинин баштапкы баасы Комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык менчик объектисин сатууда баштапкы бааны баалоо көз карандысыз баа берүүчүлөрдү тартуу менен аныкталат.

Көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүү айыл өкмөтү менен көз карандысыз баа берүүчүнүн (уюмдун) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.

27. Көз карандысыз баа берүүчүлөрдүн сатуунун баштапкы баасы тууралуу корутундусу алынып же баштапкы ижара акысынын коюмдары эсептелгенден кийин айыл өкмөтү 3 жумушчу күндүн ичинде муниципалдык менчиктин каралып жаткан объектиси боюнча материалдарды Комиссиянын кароосуна киргизет.

28. Комиссия муниципалдык менчиктин каралып жаткан объектиси боюнча материалдарды алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде карап чыгат.

29. Комиссия муниципалдык менчик объектисин тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алып же муниципалдык менчик объектиси түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берилген учурда Комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: укуктун түрүн, ага ылайык муниципалдык менчик объектиси берилет (менчик, ижара), муниципалдык менчик объектисине укук берүү ыкмасын (аукцион, конкурс, түздөн-түз сүйлөшүүлөр), муниципалдык менчик объектисинин баштапкы баасын, кепилдик төгүмдөрдүн өлчөмүн, тооруктарга катышуучуларды аны төгүү мөөнөтүн жана тартибин, аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда).

30. Тооруктарда муниципалдык менчик объектисине ижара укугу берилген учурда жылдык баштапкы нарк болуп төмөнкүлөр саналат:

- жер участогуна – жер салыгынын өлчөмү;

- курулмаларга, курулуштарга жана жайларга – мүлккө салык жана жылдык амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмү;

- кыймылсыз мүлккө – мүлккө салык жана жылдык амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмү.

31. Комиссиянын муниципалдык менчик объектисин тооруктарга коюу же муниципалдык менчик объектисин түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.

32. Айыл өкмөтү арыз ээсине анын арызынын каралышынын жыйынтыктары тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

                                                  Аукцион

33. Муниципалдык менчикти аукцион аркылуу берүү муниципалдык мүлккө укукту (пайдалануу, менчик) эң жогорку баада сатуу зарыл болгон учурда ишке ашырылат.

34. Аукционго коюлуучу муниципалдык менчиктин ар бир объектиси өз алдынча лотко түзүлүшү керек.

35. Аукционго коюлуучу лотто төмөнкүдөй маалыматтарды камтуучу кенен баяндама болууга тийиш:

- лоттун номери;

- жайгашкан жери;

- техникалык мүнөздөмөлөрү (участоктун аянты, курулмалардын/жайлардын түрү жана аянты, курулган/чыгарылган жылы, кубаттуулугу ж.б.);

- ижара мөөнөтү;

- баштапкы баасынын өлчөмү;

- аукциондун кадамы;

- акы төлөө формасы жана мөөнөтү;

- сервитуттардын болушу же жоктугу.

36. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүү датасына 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде аукцион өткөрүү тууралуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга милдеттүү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- контурларын баяндоо менен лоттордун тизмеги;

- менчиктин түрү;

- аукционду өткөрүү шарттары, датасы, орду;

- ар бир лот боюнча баштапкы баанын өлчөмү;

- кепилдик төгүмүн төлөөнүн өлчөмү жана тартиби ;

- арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган дата;

- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

- аукцион маселелери боюнча кошумча маалымат алса боло турган арыздарды кабыл алуу жеринин дареги.

Ушуну менен катар, айыл өкмөтү элге айылдагы жыйындарда, чогулуштарда маалымат берип, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык билдирүүнү жарыялайт.

37. Аукциондун кадамы баштапкы ижара төлөмүнүн 10 пайызынан 20 пайызына чейинки өлчөмдө Жер комиссиясы тарабынан белгиленет. Аукциончу тооруктарга катышуучулардын бардыгы менен макулдашуу боюнча аукциондун кадамын көбөйтүүгө укуктуу.

                                              Аукцион өткөрүү

38. Комиссиянын катчысы аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга ыйгарылган номерлери бар аукциондук билеттерди берет.

39. Аукционду аукциончу алып барат, ал айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.

40. Аукцион аукциончу лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун кадамын айтуу жана балка менен уруу менен башталат.

41. Аукционго катышуучуларга номер коюлган биллеттер берилет, аны алар кезектеги баа айтылгандан кийин көтөрүшөт.

Баштапкы баа боюнча сатып алууну каалаган аукционго катышуучу номерин аукциончуга каратып, өзүнүн билетин көтөрүп, муну менен лотту аталган баада сатып алууга макул экендигин ырастайт.

Аукционго катышуучунун ар бир сунушун кабыл алуу аукциончунун катышуучунун номерин жана ал сунуштаган бааны айтуусу менен ырасталат.

Ар бир жаңы сунуш мурдагы сунуштагандан жок дегенде бир кадамга жогору болууга тийиш.

42. Аукциончу акыркы бааны үч жолу айткандан кийин катышуучулардын бири да кыйла жогору бааны сунуш кылбаса, аукциончу балка менен уруп, бир эле учурда тоорук предметин акыркы бааны сунуштаган сатып алуучу сатып алгандыгын жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуштаган аукционго катышуучу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.

43. Аукциондун жеңүүчүсү аукционду өткөрүү күнү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюшу керек. Протоколго ошондой эле аукциончу жана Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.

Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет: баштапкы жана акыркы баасы, тараптардын келишимге кол коюу боюнча милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.

Аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда Комиссия экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

44. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтү менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижара же сатуу келишими түзүлөт.

45. Аукцион төмөнкүдөй учурларда болгон жок деп таанылат:

а) эгерде бир катышуучу катышса;

б) эгерде экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса;

в) баштапкы ижара же сатуу акысы үч жолу жарыялангандан кийин аукционго катышуучулардын бири да билетин көтөрбөсө.

46. Аукцион белгилүү бир лот боюнча болгон жок деп таанылган учурда ушул лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.

Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн 15 пайызга чейин азайтууга укуктуу.

Эгерде экинчи тооруктар болгон жок деп таанылса, анда Комиссия экинчи тооруктун жападан жалгыз катышуучусуна укук берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

47. Аукционго катышууга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион болгон жок деп таанылган учурда Комиссия муниципалдык менчик объектисин конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.

                                                 Конкурс

48. Конкурс аркылуу муниципалдык менчик объектерин убактылуу пайдаланууга берүү конкурстун объектисин жакшыртуу же социалдык багытталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу үчүн инвестиция талап кылынган учурларда ишке ашырылат.

49. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүү датасына 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде конкурс өткөрүү тууралуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга милдеттүү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- лоттун номери;

- жайгашкан жери;

- техникалык мүнөздөмөлөрү (участоктун аянты, курулмалардын/жайлардын түрү жана аянты, курулган/чыгарылган жылы, кубаттуулугу ж.б.);

- конкурстун шарттары, анын ичинде инвестициялардын минималдуу көлөмү боюнча талаптар же жарандардын жашоо-турмуш сапатын жакшыртуу боюнча талаптар;

- ижара мөөнөтү;

- сервитуттардын болушу же жоктугу.

- арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган дата;

- конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

- конкурс маселелери боюнча кошумча маалымат алса боло турган арыздарды кабыл алуу жеринин дареги.

Ушуну менен катар, айыл өкмөтү элге айылдагы жыйындарда, чогулуштарда маалымат берип, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык билдирүүнү жарыялайт.

50. Ижарачыга коюлуучу талаптарга жараша Комиссия төмөнкүдөй жолдор аркылуу конкурс өткөрсө болот:

- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн белгилөө менен (баштапкы ижара акысы аныкталат, эң мыкты шарттарды жана эң жогорку ижара акысынын өлчөмүн сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн белгилебестен. (ижара акысы белгиленген болушу мүмкүн, муниципалдык менчик объектисин жакшыртуу үчүн эң мыкты инвестициялык милдеттенмелерди сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн белгилебестен. (ижара акысы белгиленген болушу мүмкүн, калкка кызмат көрсөтүү же жумуш орундарын түзүү үчүн эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат).

51. Конкурс төмөнкүдөй учурларда болгон жок деп таанылат:

- бир катышуучу катышса;

- экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.

52. Конкурс белгилүү бир лот боюнча болгон жок деп таанылган учурда ушул лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.

Экинчи конкурс өткөрүүдө Комиссия конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.

53. Эгерде экинчи конкурс бир эле катышуучу катышкандыгы себеби боюнча болгон жок деп таанылса, тооруктар объекти ага түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берилет.

54. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугу себеби боюнча болгон жок деп таанылса, тооруктар объекти түздөн-түз берүү аркылуу берилиши мүмкүн.

Конкурс өткөрүү

55. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакта конкурска катышуучулардын көзүнчө Комиссиянын жыйналышында берилген билдирмелердин тизмеси айтылат.

56. Билдирүүдө жана маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына туура келген конкурстук сунуш белгиленген убакыттан кечиктирилбестен конкурс өткөрүү күнү Комиссиянын жыйналышында мөөр басылган конвертте конкурстун катышуучусу тарабынан берилет.

57. Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.

58. Конкурстук сунуштарды ачуу конкурстук сунуштарды кабыл алуу аяктагандан кийин жана конкурстун катышуучуларынын же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашырылат.

Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезек-кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун номерин, анын аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган негизги конкурстук шарттарды айтат, жыйынтык протоколуна конкурстук сунуштардын ачылышын белгилейт жана келип түшкөн конкурстук сунуштарга баа берүүгө киришет.

59. Конкурстук сунуштарга баа берүү конкурстук сунуштар ачылган күнү конкурстук документтерде аныкталган критерийлер боюнча ишке ашырылат.

Берилген билдирмелерге баа берүүнүн жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүп берүүсү үчүн кайрылууга укуктуу.

Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген конкурстук сунушту четке кагат.

60. Конкурстук сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан эң мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун жеңүүчүсү аныкталат, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлөт, ага Комиссиянын жыйналышына катышкан Комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коёт.

61. Конкурстун жеңүүчүсү жөнөкөй көпчүлүк добуш менен добуш берүү аркылуу аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык түрдө айтылат.

Комиссиянын пикири боюнча конкурс боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.

Добуштар бирдей болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

62. Комиссиянын жыйналышы эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу деп эсептелет.

63. Эки же андан көп катышуучунун конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң мыкты болуп калган учурда кимисинин билдирмеси мурдараак берилген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.

64. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан протокол түзүлөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

- жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси;

- конкурстун катышуучулары тууралуу маалыматтар жана алардын сунуштары;

- конкурстун жеңүүчүсү.

Протоколго жыйналышка катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.

65. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ижарага берүүчү – айыл өкмөтү менен ижарачы – конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда келишим түзүлөт.

Жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча белгиленген мөөнөттө ижара келишимин түзбөө Комиссия тарабынан жер участогун ижарага алуу келишимин түзүүдөн баш тартуу катары каралышы мүмкүн.

66. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан быш тарткан учурда Комиссия ошол эле арыздардан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.

67. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ушул лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажыратылат.

             Муниципалдык менчик объектерин түздөн-түз берүү

68. Муниципалдык менчик объектерине ижара укугу төмөнкүдөй учурларда түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу айыл өкмөтү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) берилиши мүмкүн:

а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) берилген жер участогунда ушул жактарга менчик укугунда таандык курулушу аяктабаган имараттар жана курулмалар, анын ичинде объекттер жайгашса;

б) муниципалдык менчик объекти ачык тооруктарга белгиленген тартипте эки жолу коюлса жана ижарага/менчикке берилбесе;

в) көрсөтүлгөн жер участогу кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болуп жана ушундай жер участогуна укукту үчүнчү жактарга берүү аталган имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келген шартта учурдагы объекттин аянтын кеңейтүү максатында аталган объекттерге кирүү тобун куруу, көрктөндүрүү же болбосо жанаша куруу үчүн ушул жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын бир бөлүгүнө жер участогу жакын турса (бир чекте болсо);

г) жер участогу ушул жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын бир бөлүгүнө жакын турса (бир чекте болсо) же болбосо аталган имараттарга жана курулмаларга чукул жайгашса жана аталган имараттардын жана үчүнчү жактарга ушундай жер участогуна укук берүү курулмалардын менчик ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгондо аларды тейлөө максатында унаа коюучу жерлерди уюштуруу үчүн талап кылынса.

69. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар айыл өкмөтүнө беш жылга чейинки мөөнөт менен кыска мөөнөттүү ижарага берилиши мүмкүн. Аталган жерлерде жеңилдетилген типтеги курулмаларды жана курулуштарды тургузууга уруксат берилет.

                 Түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берүү тартиби

70. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга муниципалдык менчик объектерин алууга талапкерлер айыл өкмөтүнө арыз беришип, мында арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:

- арыз ээси тууралуу маалымат (аты-жөнү, жашаган жери);

- муниципалдык менчик объектисинин жайгашкан жери жана аталышы;

- болжолдонуучу максаттуу пайдалануу;

- жергиликтүү коомдоштук ала турган пайдалар.

71. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин чечим кабыл алат, ал протокол түрүндө таризделет.

72. Комиссиянын чечиминин протоколу түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик объектисин берүү боюнча акыркы чечим кабыл алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилет.

73. Жергиликтүү кеңеш түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик объектерин берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алат, берүү шарттарын жана мөөнөтүн белгилейт.