Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII– чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы

 

2023-жылдын 16-февралы № 15

 

“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну У.Мамажановдун кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Ношкен айылынын тургуну У.Мамажановдун айыл өкмөтүнөн убактылуу пайдалануу үчүн алган 0,29 га жер тилкесинин келишим мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу, аталган жер тилкесине өз каражатынын эсебинен айыл тургундары үчүн сейил парк, балдар ойноочу жай курууга мөөнөтүн узартуу боюнча макулдук берип тиешелүү чечим кабыл алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVII сессиясы

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.Ношкен айылынын тургуну У.Мамажановдун кайрылуусу эске алынсын.

2. Ношкен айылындагы айыл өкмөтүнүн менчигинде турган 0,29 (жыйырма тогуз сотых) га жер тилкеси  арыз ээси У.Мамажановго айыл тургундары үчүн сейил парк, балдар ойноочу жай куруп жергиликтүү калкка шарт түзүүгө, айыл аймагында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында ижара эсебинде келишим шарты менен убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

3. Суралган жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүүдө ижара акыларын, убактылуу пайдалануу мөөнөтүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жобого ылайык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Суралган жер тилкесинин тиешелүү иш кагаздарын, ижара келишимин мыйзам чегинде жүргүзүү жагын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.

5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

6. Токтомдун  аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Кубатбеков