КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18- чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры №3/15
Кара-Суу айыл өкмтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренелерине жана мүлкккө мун ципалдык менчик менчик мыйзамынын жана муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобого ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кара-Суу, Калин айылдарынын футболдук аянтчасынын эски зым сетка, ковери, Кембил булагы бала бакчасынын эски шифери, терезе , эшиктери А.Чертеков орто мектебинин эски чатырынын материалдары реконструкцияланышына байланыштуу андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган мүлк эсептен чыгарылсын.
- Эсептен чыгарылган материалдык каражаттарын отунга жана башка максаттар үчүн пайдаланууга жарактуу бөлүгү, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө жана калган бөлүгү, Кара-Суу айыл аймагындагы социалдык муктаж жарандарына акысыз негизде бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиев милдеттендирилсин.
- Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |