АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Алайку айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) кезексиз 11-сессиясынын
2023-жылдын 30-январындагы № 11/1
Алайку айыл Өкмөтүнүн бюджетинин бир жылдык аткарылышы ФЭБдин башчысы Г.Токтомаметовдун отчету жөнүндө
Алайку айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Токтомаметов 2022--жылдын ичинде Алайку айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Алайку айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ
1. Алайку айыл Өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча Алайку айыл Өкмөтүнүн ФЭБдин башчысы Г.Токтомаметовдун бир жылдык боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Алайку айыл Өкмөтүнүн бюджетине сунуш кылынган өзгөртүүлөрү менен аткарууга алынган пункттарын так аткаргандыгын эске алып, Алайку айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын жыйынтыгы жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү боюнча аткарылышы жөнүндө отчёт кабыл алынсын.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Таалайбек уулу Камбар |