Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

Алайку айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) кезексиз 11-сессиясынын

 

 

2023-жылдын 30-январындагы № 11/2

 

Алайку айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пункутун 2-бөлүмүндө, Алайку айылдык кенешинин регламентинин 2-главасынын 2-пунктун 2-бөлүмүнө ылайык “Алайку айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө” Алайку айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Токтомаметов маалыматын, Алайку айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Алайку айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алайку айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү 24 356,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жыл ичинде чарбалык иштердеги базар баасынын өзгөрүшүнө ылайык Алайку айыл өкмөтүнө бюджеттин статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында бекитилери белгиленсин.

3. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6 статьясынын 4 пунктуна жана 12 статьясынын 3 пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.

4. 7.Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлору Б.Эргешовко милдеттендирилсин.

5. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Токтомаметовго жүктөлсүн

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Алайку айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитетинин төрайымы К.Чордоновага жүктөлсүн.

 

 

 

Алайку айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Таалайбек уулу Камбар