АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Алайку айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) кезексиз 11-сессиясынын
2023-жылдын 30-январындагы № 11/4
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча
КР нын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын Алайку айыл аймагында ишке ашыруу боюнча Алайку айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районуна караштуу Алайку айыл аймагындагы калктуу конуштарында, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жана мекемелердин катышуусунда ээлеген аймактарынын санитардык абалын жакшыртуу, тиричилик калдыктарын тазалоо максатында ишембилик өткөрүлсүн.
2. Ишембилик өткөрүү күнүн айыл өкмөт башчысы бекитип айыл башчыларга милдеттендирсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Таалайбек уулу Камбар |