Редакцияот 25.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын XVII кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 25-июлу  №17/1

 

    Жан-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка) иштерин жүргүзүүдө иш жүзүндө (факт жүзундө) киргизилген өзгөрүүлөрдү кароо жөнүндө

 

         Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагы боюнча,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде,  Жан-Булак  айыл аймагынын  12.06.2023-жылдагы №62-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып, жана талкуулап . Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  Кенешинин XXVIII чакырылышындагы   ХVII кезектүү  сессиясы  токтом кылат:   

               

1. Жан-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын.

2. Жан-Булак айылдык кеңешинин төрагасына жана Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Жан-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна  сунуштоо тапшырылсын.

 

  

Төрага

 

Б. Ормокеев