ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезекcиз ХIХ сессиясынын
2023-жылдын 2-августундагы № 7
«Шарк айыл аймагынын Абу Али ибн Сино
атындагы №16 орто мектебинин базасында
балдар бакчасын ачуу жөнүндө »
Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIХ сессиясы Шарк айылынын тургундарынын жана Абу Али ибн Сино атындагы 16 орто мектебинин жамаатынын жамааттык арызын (2023 жыл 9 январдагы кир. №35) карап чыгып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы талкуулап
Токтом кылат:
1. Абу Али ибн Сино атындагы №16 орто мектептин базасында бала бакча ачууну боюнча Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын;
2. Бул токтомдун аткарылышы Шарк айыл өкмөтүнүн соц маселелери боюнча адистерге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Шарк айылдык Кеңешинин торагасы: |
| С.Абзалов |