ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезекcиз ХIХ сессиясынын
2023-жылдын 2-августундагы № 6
«Жер аянтын трасформациялоо макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15 июлундагы «Жер участокторун которуу (трасформациялоо) жөнүндө №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014–жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “«Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун талаптарына жана Кара-Суу райондук администрациясынын 18 июль 2023-жылдагы берилген он корутундусун жана Шарк айыл аймагынын Ташлак айылынын Токтасинов Анваржан Останакуловичтин арызын карап чыгып жана талкуулап, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ- сессиясы
Токтом кылат:
1. Шарк айылдык аймагынан Ташлак айылында айылынын №875-контурундагы аянттагы таза жайыт жердин ичинен 0,37 га., №876 контурдагы 0,69 га. аянттагы ыңгайсыз жердин ичинен 0,21 га., №877 контурдагы 2,18 га. аянттагы айыл чарбасына ынгайсыз жердин ичинен 0,05га., №879 контурдагы 3,75 га. аянттагы таза жайыт жердин ичинен 1,37 га.. Жалпы 2,0 га жер аянттын индустриалык - логистикалык борбор куруу учун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнор жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Кыргыз Республикасынын 2013 – жылдын 15-июндагы “Жер участокторун которуу (трасформациялоо) жөнүндө №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014–жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “«Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүдө убактылуу Жобонун талаптарына ылайык тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Шарк айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Шарк айылдык Кеңешинин торагасы: |
| С.Абзалов |