ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезекcиз ХIХ сессиясынын
2023-жылдын 2-августундагы № 3
«Шарк айыл аймагындагы Медресе айылында
муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө»
Шарк айыл аймагындагы Медресе айылынын тургуну Д. Карабекованын Медресе айылында муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө жазган арызынын (кир. №111/5 21 июль 2023 ж.) негизинде, балдар бакчасын ачуу максатында, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы талкуулап
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарын негизинде Шарк айыл аймагындагы Медресе айылында Омуралиев 25 көчөсүндө жайгашкан, Д.С.Карыбековага караштуу жеке менчик үйүндо жеке муниципалдык балдар бакча ачууга уруксат берилсин;
2. Шарк айыл аймагындагы Медресе айылында ачыла турган жеке муниципалдык балдар бакчасына штаттык бирдиктерди берүү боюнча Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына суралсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Шарк айылдык Кеңешинин торагасы: |
| С.Абзалов |