ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезекcиз ХVI сессиясынын
2023-жылдын 31-мартындагы № 7
«Медресе айылынын жаны конуш көчөсүнө Пазылов Мухамбет наамын берүү жөнүндө»
Кара-Суу районунун Шарк аймагынын Медресе айылынын жаны конуш көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Шарк айылдык өкмөтүнүн өтүнүчүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Медресе айылынын жаны конуш көчөсүнө Пазылов Мухамбет наамы ыйгарылсын, биринчи кичик көчөсүнө – Пазылов М. I, экинчи кичик көчөсүнө – Пазылов М. II, үчүнчү кичик көчөсүнө – Пазылов М. III, төртүнчү кичик көчөсүнө – Пазылов М. IV, Пушкин көчөсүнү жарымына – Пазылов М. V наамы ыйгарылсын;
2. Ушул токтомду тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоо боюнча иштерин, Шарк айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн;
3. Көчөлөрдү кайра атоо боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Шарк айылдык Кеңешинин торагасы: |
| С.Абзалов |