Редакцияот 29.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 19-отуруму

 

2023-жылдын 29-мартындагы № 19/5

Корул айыл өкмөтүндө айыл тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү жөнүндө

Корул айыл өкмөтүнүн тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча Корул айылдык Кеңеши тактап, талкуулашып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Корул айыл өкмөтүнүн тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл тургундарын жайлоого көчүп кетүүсү жана кыштоого көчүп келүүсү боюнча төмөндөгүдөй график түзүлсүн.

·       1–Май айылы 2023 - жылдын 20-апрелине чейин

·       Тогуз-Булак айылы 2023 - жылдын 25-апрелине чейин

·       Кең-Жылга айылы 2023 - жылдын 1-майына чейин

·       Арал айылы 2023-жылдын 5-майына чейин көчүрүү иштери жүргүзүлсүн. Ал эми кыштоого көчүп келүүсү 1 –Май айылы 20-августтан, Тогуз-Булак айылы 25-августтан, Кең-Жылга жана Арал айылдары 30-августтан кийин жайлоодон кыштоого көчүп келишсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин 183-беренесине ылайык жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча белгиленген тартипте кабыл алынган эреже бузулса башкача айтканда жайлоого өз убагында көчүп кетпеген жана малдарын кароосуз калтырып чөп орундарга киргизген жарандарга 4-категориядагы айып пул салынсын.

 

3. Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде чөп чабынды жана жакынкы жайыттарга кароосуз калган мал жандыктар түшө турган болсо дайындалган корукчулар тарабынан камалып бир суткалык жоопкерчилик алардын кароосуна жүктөлүп малдын ээсине мыйзам чегинде айып пулдар салынсын. Ал эми камалган мал жандыктын ээсине кабар берилгенден кийин бир сутканынын ичинде келбесе, мал-жандыктардын кокустук ( өлүп же майып) болгон учуруна кароолчу, тиешелүү адамдар, айыл башчылар же жайыт комитети жооп бербейт.

4. Айыл тургундарын графиктен кечиктирбестен көчүрүү жана көчүп келүүсүн көзөмөлдөп, жайытка кеткен жолдорду өз убагында тазалап, айыл тургундарына шарт түзүп берүү жагы жана ушул токтомду толук аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Турганбаевге жана тишелүү адистерге милдеттендирилсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым

 

М. Абдыкадырова