Редакцияот 29.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 19-отуруму

 

2023-жылдын 29-мартындагы № 19/2

 

Корул айылдык Кеңешинин төрайымын шайлоо жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 29-беренесинин 2-пунктуна таянып, Корул айылдык Кенешинин төрайымын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын № 3 протоколунун негизинде Корул айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде Корул айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын №3 протоколунун негизинде Корул айылдык Кенешинин төрагасын жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

 

2. Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын 11 добушун алган, Корул айылдык кенешинин депутаты Абдыкадырова Малимкан Акжигитовна Корул айылдык кеңешинин төрайымы болуп шайланды деп эсептелсин.

 

 

Төраганын орун басары:

 

Елешова Нургүл

 

 

 

Корул айылдык Кеңешинин

7-чакырылышынын

2023-жылдын 29-мартындагы

№ 19/2 токтомуна тиркеме

 

Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрайымын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын

ПРОТОКОЛУ №3

 

Тогуз-Булак айылы                                                                29-март. 2023-жыл.

 

Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрайымын шайлоо боюнча Корул айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүгүнүн 3.1-пунктунун негизинде эсептөө комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында:

 

·         Талапкер - Абдыкадырова Малимкан 11 добуш

·         Талапкер - Кадыров Анарбай 7 добуш

бюллетень каршы, жараксыз жок.

 

2. Талапкерлердин алган добуштары бекитилсин жана Корул айылдык кеңешинин сессиясына ушул токтомду бекитип берүү жагы сунушталсын.

 

3. Корул айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүгүнүн 3.1-пунктунун негизинде жалпы 11 добушун алган депутат Абдыкадырова Малимкан Акжигитовна Корул айылдык кеңешинин төрайымы болуп шайланды деп эсептелсин.

 

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы:

 

Алмазбек уулу Бекмырза