Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун

 

2023-жылдын 27-февралындагы № 18/4

 

Корул айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелеринин жобосу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү» Жарлыгынын негизинде жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Корул айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л АТ :

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү» Жарлыгынын негизинде түзүлгөн Корул айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелеринин жобосу бекитилсин.

 

2. Бул жободо көрсөтүлгөн иш аракеттер боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук жана укук тартибин чыңдоо, этика жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Нажимидин уулу Тазабек