КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
2023-жылдын 27-февралындагы № 18/2
2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө иштер боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбаев Мустафанын маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичиндеги аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап Корул айылдык Кеңеши
Т О К Т О М КЫЛАТ:
1. 2022-жылга карата айыл өкмөтүнүн социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландар, бир жылда аткарган жумуштары айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан аткарылгандыгы канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. 2023-жылда Корул айыл өкмөтүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында салыктын өсүү темпин жогорулатып, киреше булактарын ар тараптан изденүү жагы жана көрсөтүлгөн план тапшырмадан ашыгы менен аткаруу жагы, Майыптарга, жетим жана тоголок жетим балдарга, улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул чегерүүдө жеринен барып аныктап, шартын карап муктаждыгын аныктап акча чегерүү жагы. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сел каптоо, суу ташкындары, жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар күчөтүү боюнча толук кандуу иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү жана социалдык иштер, жер жана агрардык маселелер, жамааттар жана инвестиция тартуу боюнча иш алып барган туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Төрага |
| Нажимидин уулу Тазабек |