КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
2023-жылдын 27-февралындагы № 18/1
Корул айыл өкмөтүнүн мекеме ишканалардын 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн мекеме-ишканаларынын, мектеп директорлору жана бала бакча башчыларынын маалыматтарын угуп, талкуулап Корул айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2022-жыл ичинде Корул айыл өкмөтүндө билим берүү тармагында жүргүзүлгөн иш аркеттери сын сунуш, кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Билим берүү тармагында окуучуларга иновациялык билим берүү, алдынкы билим сапатына ээ кылуу, окуучулардын райондук, облустук олимпиадаларга катышууга жана ЖРТ тесттерде алдыңкы орундарды камсыз кылуусуна көмөк көрсөтүү жагы мектеп директорлоруна жана ЖТР тесттен 200 баллдан жогору алган окуучуларга жергиликтүү бюджет тарабынан 20 000 (жыйырма мин) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, тамагын уюштурууда баардык нормаларды сактоо жана азык-түлүктүн сапаттуусун колдонуу, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын санитардык-гигиеналык жактан колго алуу жагы бала башчыларына тапшырылып жана аны көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчы М.Турганбаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| Нажимидин уулу Тазабек |