Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

(Сары-Колот жергиликтүү кеңешинин

2023-жылдын 14-февралындагы № 10/2

токтомуна ылайык)

 

ОШ ОБЛУСУ

КАРА-СУУ РАЙОНУ

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛ АЙМАГЫ

 

ӨНҮККӨН АЙЫЛ ӨЛКӨНҮН ЖҮЗҮ

 

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2023-2027 ЖЫЛДАРГА КАРАТА

СОЦИАЛДЫК- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

ПРОГРАММАСЫ

 

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин

2023-жылдын _________ ______

чакырылыштын ___ сессиясынын

№ _____ токтому менен бекитилген

 

Сары-Колот айылы 2023-жыл

Мазмуну

КИРИШҮҮ 

1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар 

2. Сары-Колот айыл аймагы тууралуу кыскача маалымат 

3. Учурдагы кырдаалды талдоо боюнча анализ:

4. Программанын максаты..........................................................................................................

5. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары (чакан программалар).

6. Сары-Колот айыл аймагынын 2023-2027-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу планы  

7. Сары-Колот айыл аймагынын 2023-2027-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бюджети  

 

Киришүү

Урматтуу Сары-Колот айыл аймагынын тургундары!

Сары-Колот айыл аймагынын өнүгүү программасын түзүүнүн башкы максаты аймагыбыздын 2027-жылга чейинки аралыкта өнүгүү саясатын ишке ашыруу болуп саналат. Аймагыбыздын өнүгүү программасын ишке ашырууга өзүбүздүн күчүбүздү, ресурстарыбызды натыйжалуу жумшасак, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө, жергиликтүү экономиканы көтөрүүгө жана айылдарыбызда бакубат, жагымдуу шарттарда жашоого мүмкүнчүлүк жаралат.

“Өнүккөн айыл өлкөнүн жүзү” демекчи социалдык-экономикалык жактан өсүш болуш үчүн ишкерлерди колдоо, жумушчу орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана ишке ашыруу, илим-билимге басым жасоо, калктын бардык катмарын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, эрте жаш курактагы балдардын өнүгүүсүнө жана тарбиялануусуна көңүл буруу, туризм тармагын өнүктүрүү жана шарттарын түзүү, спорт, маданият, ден-соолук ж.б. көп тармактуу иштерди алдыга жылдыруу болуп саналат.

Бул программа “2027-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” негизинде иштелип чыккан. Программанын алкагында Сары-Колот айыл аймагы Кара-Суу базарына жакын жайгашкандыктан өнүгүү чекити катары өндүрүш жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү пландаштырылууда. Ошондуктан программаны иштеп чыгуу процессине айылдардагы коомчулуктун бардык кызыкдар өкүлдөрү, анын ичинде жергиликтүү айыл тургундары, ишкерлер, коомдук уюмдар, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, муниципалдык мекемелер, жергиликтүү кеңештин депутаттары активдүү катышышты. Аймактын көйгөйлөрү, приоритеттери кенен талкууланып, бардык маселелер терең изилденип өндүрүш жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү негизги приоритет катары тандалды.

Аймагыбыздын өнүгүүсүнө жетүү үчүн күнүмдүк чарбалык маселелерди чечүү менен чектелбестен, жашоочуларыбыздын өнүгүүгө болгон умтулуусун да жакшыртуу зарыл болуп саналат. Айыл өкмөтүбүздүн эӊ негизги максаты болуп жергиликтүү жашоочуларыбыздын демилгелерин колдоп иш жүзүнө ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүү болуп саналат.

 Биздин айыл аймактын негизги максаты экономика тармагын өнүктүрүү, маданияттын жана спорт боюнча жакшы жетишкендиктерин мындан ары өркүндөтүү, улуттук каада-салттарды сактап калуу, ошондой эле жаңы максаттарды жана милдеттерди коюу болуп саналат.

Бул программа Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ Сары-Колот айыл аймагынын калкынын гендердик аспектерин эске алуу менен социалдык топторунун муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын аныктоо менен айыл аймактын 2023-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын иштеп чыкты.

Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы – айыл аймактын өнүгүүсүн аныктаган жумушчу документи болуп саналат. Себеби ал өзүнө айыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди, алардын ар тараптуулугун жана өнүгүүнүн жаңы кадамдарын өзүнө камтыйт. Сары-Колот айыл аймагынын өнүгүү программасы - айыл аймактын тургундарынын бардык катмарынын кызыкчылыктарын, жашоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган, коомчулуктун бардык чөйрөлөрүн, ири инвесторлорду, сырттан келген долбоорлорду, бизнес адамдарын ж.б. көңүлүн бура алган, жалпы элге түшүнүктүү, так жана маңыздуу болгон көп жылдык документ.

 

Жумушчу топтун курамы:

№

     А.А.А.

Ээлеген кызматы

1.

Уразова Э. - жумушчу топтун төрайымы

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

2.

Эшиев Э. - жумушчу топтун башчысы

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

3.

Акматова А.- жумушчу топтун катчысы

Айылдык Кеңештин катчысы

4.

Абдыкасымова К. - жумушчу топтун мүчөсү

Айылдык Кеңештин депутаты

5.

Тагаев К. - жумушчу топтун мүчөсү

Айыл өкмөтүнүн статист-экономисти

6.

Айтикеев Э. - жумушчу топтун мүчөсү

Айыл өкмөтүнүн башкы адиси

7.

Адиманова Э. - жумушчу топтун мүчөсү

Айыл өкмөтүнүн соц.адиси

8.

Аматкулов Т. - жумушчу топтун мүчөсү

Ак-Колот айылынын айыл башчысы

9.

Эгемназар уулу К. - жумушчу топтун мүчөсү

Шерали айылынын айыл башчысы

10.

Реджапов З. - жумушчу топтун мүчөсү

Айыл өкмөтүнүн башкы адиси

11.

Джунусов Т. - жумушчу топтун мүчөсү

Айыл өкмөтүнүн башкы адиси

12.

Орозбаева Б. - жумушчу топтун мүчөсү

Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

13.

Абжапаров А. - жумушчу топтун мүчөсү

Айылдык Кеңештин депутаты

14.

Абдуллажан уулу К. - жумушчу топтун мүчөсү

Айылдык Кеңештин депутаты

15.

Ботоярова К. - жумушчу топтун мүчөсү

Айылдык Кеңештин депутаты

16.

Мамадинов А. - жумушчу топтун мүчөсү

Аксакалдар соту

17.

Абдиллаев А. - жумушчу топтун мүчөсү

Жаштар комитетинин мүчөсү

18.

Реджапова Э. - жумушчу топтун мүчөсү

ФАП кызматкери

19.

Султанова Н. - жумушчу топтун мүчөсү

Мектеп мугалими