САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 11/ 3
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн айрым аппарат кызматкерлерине
тартиптик чара көрүү жөнүндө
Сары-Колот айылдык кеңешинин депутаттарынын Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын эл менен болгон, жарандарды кабыл алуудагы оройлук мамилеси үчүн жана элдик жыйындын уюштуруу иштериндеги кемчилдиктери үчүн жана жер адисинин торук өткөрүүдөгү одоно түрдө кетирилген кемчилдиктери, иштеринин канааттандырарлык эместиги айтылып жогорудагы кызматкерлерге кызматтык ордун кароо жагын талкуулашып Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Колот айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде жогорудагы кетирилген кемчилдиктери үчүң Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Уразова Эльмиранын жана жер маселелери боюнча башкы адиси Реджапов Зайнабидиндин кызмат орундарын кароо жагы айыл өкмөтүнүң башчысына сунушушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Эшиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Молдоев |