Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 11/ 5

Присавай айылына бала бакча куруу жөнүндө

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Присавай айылында бала бакчанын жоктугуна байланыштуу, элдин бала бакчага болгон муктаждыгын эске алып, жер адисинин оозеки билдирүүсүн угуп талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Присавай айылында элдин бала бакчага болгон муктаждыгын жоюу максатында 0,20 га жер аянты ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

2.Бала бакча курууга жер аянтын ажыратуу, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси З Реджаповго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н. Молдоев