Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 11/ 6

Курбан-Кара айылына ФАП куруу жөнүндө

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн аймагындагы Курбан-Кара айылына элдин эмканага болгон муктаждыгын эске алуу менен жаңы мектептин жанынан, жер адисинин оозеки билдирүүсүң угуп талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылында элдин эмканага муктаж экендигин эске алуу менен жаны мектептин жанынан ФАП курууга 0,08 га жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

2.ФАП курууга жер аянтын ажыратуу, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисине милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Молдоев