Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 11/ 9

Сары-Колот айыл аймагындагы соцобьекттердин айланасындагы дүкөндөргө

алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу боюнча

убактысы жана жери боюнча чектөө киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 -беренесинин 12-пунктуна таянып Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.Сары-Колот айыл аймагындагы соцобьекттердин айланасындагы (мектеп, бала бакча, ҮДТ, ФАП жана калкты тейлөө мекемелери) дүкөндөргө алькоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.

2.Тамеки буюмдарын 18 жашка чейинки өспүрүм балдарга сатууга чектөө киргизилсин.

3.Жогорудагы тыюу салынган жана чектөөлөр бузулган учурда айып пул салуу жагы бузуулар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо” депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Молдоев