САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 11/ 11
Ак-Колот айылына эмкана куруу жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Колот айылына элдин эмканага болгон муктаждыгын эске алып, жер адисинин оозеки билдирүүсүнүн угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылынын аймагынан элдин эмканага муктаж экендигин эске алуу менен эмкана курууга 0,08 га жер аянты ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
2.Эмкана курууга жер аянтын ажыратуу, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүң.
Төрага | Н. Молдоев |