САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 11/ 13
Жайыт комитетинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат
жана 2023-жылга жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерин
бекитип берүү жөнүндө
Сары-Колот айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2022-жылдыын 12 айына бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2023-жылга карата жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндөгү Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысы Бадринов Талайбек билдирүү жасап, талкуулап, Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жайыт комитетинин 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жайыт комиетинин 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 70.0 миң сом анын ичинен ижара акысы 70,0 миң сом болуп, чыгаша бөлүгү 70,0 сом акча каражаты бекитилсин.
3.Жайыт комитетинин 2023-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден:
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган ижара акысынан:
-ири мүйүздүү малга айына 50 сомдон 5 айга 250 (эки жүз элүү ) сом;
-торпокторго айына 25 сомдон 5 айга 125 сом;
-майда мүйүздүү малга (кой, эчкилер) айына 10 сомдон 5 айга 50 (элүү) сом;
-жылкыларга айына 80 сомдон 5 айга 400 (төрт жүз) сом.
Жайытка чыга турган башка айыл өкмөттөрүнүн жарандарынан:
-ири мүйүздүү малга –айына 80 сомдон 5 айга 400 (төрт жүз) сом;
-торпокторго айына 35 сомдон 5 айга 175 (бир жүз жетимиш беш) сом;
-майда мүйүздүү малга (кой, эчкилер) айына 20 сомдон 5 айга 100 (жүз) сом;
-жылкыларга айына 90 сомдон 5 айга 450 (төрт жүз элүү) сом.
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып мал багуудан башка багыттарга пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысынан:
-1 га жер аянтына 1 жылга 1500 (бир миң беш жүз) сом;
-жайытка, чөп ороко 1га жер аянтына 1000 (миң) сом.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерине жеке ишкердик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу ижара акысынан:
-1 м2 жер аянтын сезонго:
-башка айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн 70 (жетимиш) сомдон белгиленсин;
-жайыт жерлеринде эс алууну жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн 2000 (эки миң) сомдон, 5000 (беш миң) сомго чейин төлөнөт.
4.Жайыт жерлериндеги ыңгайлуу болгон ижарага берилген кара эгин эгилүүчү 1 га жер аянтына 1500 (бир миң беш жүз) сомдон;
-ыңгайсыз , чөп ороктон тышкаркы, кашаа менен тосулган жерлер үчүн- 1000 (бир миң) сомдон белгиленсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Молдоев |