САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 11/ 16
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы
аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Шерали айылынын Бөрүлүк участкасындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө элдик жыйындын протоколунун жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесин негиз кылып Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Шерали айылынын Бөрүлүк участкасындагы аты жок № 1 көчөсүнө Алымов Толкунбектин үйүнөн Тухтамаматов Тилектин үйүнө чейинки аралык эмгектин ардагери маркум Мужиев Тургунбайдын аты ыйгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо” депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Н. Молдоев |