Редакцияот 01.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2023-жылдын 1-декабры № 15/1

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы М.Касымов,

Т.Мамашов, Г.Мамытов көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү

(үлүштүк ) гранттын эсебинен 2023-жылдын бюджетинен акча

каражатын кароо жөнүндө

 

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы М. Касымов, Т Мамашев жана Г Мамытов атындагы көчөлөргө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы М. Касымов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өз салым катары Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин эсебинен 526000 (беш жүз жыйырма алты ) мин сом каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы Т. Мамашев көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өз салым катары Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин эсебинен 504000 (беш жүз төрт) мин сом каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы Г. Мамытов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өз салым катары Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин эсебинен 511500 (беш жүз он бир миң беш жүз) мин сом каражаты бөлүнүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы А.Женмуратовго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Молдоев