САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 16/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер адиси З. Реджаповдун
билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер адиси З. Реджаповдун Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-9-беренелерине таянып Калктуу конуштардагы укук белгилөөчү документтери жок жер участокторунун аянтын бекитип берүү боюнча оозеки билдирүүсүн карап, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө ”Мыйзамынын 8-9-беренелерине таянып –Калктуу конуштардагы укук белгилөөчү документтери жок жер участокторунун аянтын бекитип берүү боюнча токтомунун негизинде Сары-Колот айыл аймагындагы курулуштун башкы пландарынын жана схемаларынын жоктугуна же курулуштун башкы планында жана схемаларында жер участогунун жок экендигине байланыштуу белгиленген тартипте берилген жер участокторунун аянты 0,25 сотыхка чейин болуп бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөдөө жагы Сары-Колот айыдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Молдоев |