САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 16/2
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысынын К.Т. Умоталиевдин эмгек келишимин
карап берүү боюнча катын кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 10-майында № 34 эки тараптуу келишимдин негизинде Умоталиев Кубаныч Токтомуратович менен түзүлгөн келишимди окуп, аткарган жумушун карап чыгып Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2023-жылдын 10-майында № 34 эки тараптуу келишимдин негизинде Умоталиев Кубаныч Токтомуратович менен түзүлгөн келишими бир тараптуу жокко чыгаруу жагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы А.Женмуратовго сунушталсын.
2.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгына байланыштуу Умоталиев Кубаныч Токтомуратович менен түзүлгөн эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн айына 20000 (жыйырма миң) сомдон төлөнүп берилүүчү кызмат акы жоопкер Р.Ш. Жапарованын айыл өкмөтүнүн бир соттук ишин аткарып бергендиги үчүн 1 (бир) айлык кызмат акы 20000 (жыйырма миң) сом эсебинде гана төлөнүп берүү жагы каралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөдөө жагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Н Акимовага жана Сары-Колот айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г Темиркановага милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Молдоев |