САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 16/3
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы А. Женмуратовдун жеке ишкер
С.Ж. Боронбаев жөнүндө берген катын кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-декабрында №321 катында көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө 2021-жылдын 17-декабры № 309 токтомунун негизинде Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 57,49 га сугат, 58,45 га кайракы жалпысы 115,97 га жер тилкесин 2027-жылдын 23-ноябрына чейин 5 жылдык мөөнөткө 1га сугат жер үчүн 13680 (он үч миң алты жүз сексен) сом, 1 га кайракы жер үчүн 1530 (бир миң беш жүз отуз) сомдон төлөнө турган болуп жеке ишкер Боронбаев Суюнбек Жаанбаевич менен эки тараптуу келишим түзүлүп, Сары -Колот айыл өкмөтү менен 2023-жылдын 7-февралында №1 келишими жогорудагы жеке ишкер С,Ж. Боронбаев менен түзүлүп, ушул келишимдин 1.1 пункту боюнча ижарачы С.Ж. Боронбаевке кошумча дагы 90,94 га сугат жерди 2023 декабрь айына чейин бере турган болгондугун, 1,4 пункту боюнча ижарачы 5 жылга төлөнүүчү ижара акынын эсебинен 10600000 (он миллион алты жүз) миң сомдук сметалык баадагы Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Тынчтык айылына суу чыгарып, Курбан-Кара айылдарына 2024-2025 жылдары таза суу чыгарып берүүгө милдеттенген келишимдеги милдеттемелерди аткаруу мыйзамга туура келбегендиктен жогорудагы келишимдерди окуп, угуп, талкуулап чыгып Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 7-февралындагы № 1- жеке ишкер Боронбаев Суюнбек Жаанбаевич менен түзүлгөн эки тараптуу келишими бир тараптуу жокко чыгарылсын.
2.Келишимди жокко чыгаруу боюнча иш аракеттерди жүргүзүүнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Женмуратовго милдеттендирилсин.
3.Жеке ишкер С.Ж. Боронбаев 2023-жылдын 30 декабрына чейин иштеткен жерлери үчүн Кара-Суу райондук агрардык башкармалыгы менен биргеликте ижара акыларын өндүрүү жагы каралсын.
4.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисине жана аренда боюнча эсепчисине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Молдоев |