Редакцияот 01.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 1-июлу № 85-28

Балдар бакчаларынын директорлорунун арыздары боюнча

“Жомок-Аламүдүн”, “Тумар”, “Бөбөк” МЧББМнын директорлорунун арыздарын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Учурдагы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 2022-жылдын 1-июлунан тартып 31-июлуна чейин балдар бакчасынын ишин токтотуп турууга уруксат берилсин.

 

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.П. Филимоненко