С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 7-сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 7-8
Айыл өкмөтүнүн Бирлик, Кызыл-Төбө айылдарынын тургундары тарабынан таза ичимдик суусун тартыштыгын жоюуу максатында кошумча скважына каздырууга каражат сурап жазган арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Бирлик, Кызыл-Төбө айылдарын тургундары тарабынан калк көбөйүп, ичимдик суусу тартыш болгондугу жана балдар бакчасында тарбиялануучу балдар, С.Шарипов орто мектебинин окуучуларын айыл тургундарын үзгүлтүксүз таза ичимдик суусу менен камсыздоо максатында С.Шарипов орто мектебинин алдынан скважына каздырууга айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү боюнча жазган арызын карап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Айыл өкмөтүнүн Бирлик, Кызыл-Төбө айылдарын тургундарын жана балдар бакчасында тарбиялануучу балдарды, С.Шарипов орто мектебинин окуучуларын таза ичимдик суусу менен камсыздоо максатында С.Шарипов орто мектебинин алдынан скважына каздырууга айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 1587,4 (бир млн беш жүз сексен жети миң төрт жүз ) сом акча каражаты ажыратылсын
2. Айыл өкмөтүнүн Бирлик, Кызыл-Төбө айылдарын тургундарын таза ичимдик суусу менен камсыздоо максатында С.Шарипов орто мектебинин алдынан скважына каздырууга бюджеттен ажыратылган 1587,4 сом акча каражатын өз убагында карыжылоо жагы ФЭБ нүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ахматахуновго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |