С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 7-сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 7-9
Айылдык кеңешине, айылдык кеңешинин депутаттарынын атына С.Юсупова айыл өкмөтүнүн тургундары, мектеп директорлору , балдар бакча жетекчилери тарабынан 2023-жылда аткарыла турган иштери боюнча арыз жазып айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен каражат сурап жазган арыздары
Айылдык кеңешине, айылдык кеңешинин депутаттарына бизге С.Юсупова айыл өкмөтүнүн тургундары, мектеп директорлору , балдар бакча жетекчилери тарабынан 2023-жылда аткарыла турган иштери боюнча арыз жазып айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен каражат сурап жазган арыздары, 2023-жылдын 17-январына чейин 27 арыз түшкөн. Н.Кубатов тарабынан 27 арыз окулуп, депутаттарды арыздардын мазмууну менен толук тааныштырып чыкты. Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун жана ФЭБнүн башчысы Р.Базарбаевдин 2023-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджети негизинен иш-план боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы эң заарыл болгон иштерди аткарууга бөлүнгөнүн, арыздарда көрсөтүлгөн каражаттарга бюджете каражат жоктугу жөнүндө билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджети негизинен иш-планы негизинде айыл өкмөтүнүн аймагындагы эң заарыл болгон иштерди аткарууга жумшалышына жана бюджеттин тартыштыгына байланыштуу айылдык кеңештин атына бюджеттен каражат сурап жазган арыз ээлерине каражат жоктугу билдирилсин.
(№1- тиркеме тиркелет)
2. Арыздар боюнча эң керектүү, заарыл болгон мектеп жана балдар бакчасында аткарылуучу иштерди аткарууда мыйзам чегинде, мүмкүн болушунча каражат бөлүнүшү ФЭБнүн башчысы Р.Базарбаевге сунушталсын.
3. Айылдык кеңешине айыл тургундарынын атынан түшкөн арыз ээлерине жазма түрүндө билдирүү берүү жагы жооптуу катчы Н.Кубатовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |
| С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышын 7-сессиясынын №7-9 токтому менен бекитилген №1-тиркеме |
Айылдык кеңешине, айылдык кеңешинин депутаттарынын атына С.Юсупова айыл өкмөтүнүн тургундары, мектеп директорлору , балдар бакча жетекчилери тарабынан 2023-жылда аткарыла турган иштери боюнча арыз жазып айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен каражат сурап жазган арыздыры.
1. Сайдахматов атындагы № 50 орто мектебинин директору Каюмов Ж,
аталган мектептин алдына арка коюуу үчүн 150 миң сом айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен каражат ажыратуу боюнча арызы.
2. А.Сайдахматов атындагы №50 орто мектебинин директору Каюмов Ж, аталган мектептин көмүр сактоочу навес куруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен каражат ажыратуу боюнча арызы.
3. Канал участкасынын тургундары тарабынан көчөлөрүн абалы начар болгондуктан жолун гредор менен сүрүп, шагал бастырууга жана жаңы чектерге электр энергиясы үчүн 3000 мт зым алууга каражат ажыратуу боюнча жазган арызы.
4. Манас орто мектебинин директору Момунжанова М, мектепке 10 коппьтер, 1 даана түстүү принтер, 1 даана интерактивдүү доска алууга каражат сурап жазган арызы.
5. Октябрь айылынын тургуну Эралиев Г, үйүнүн алдынан өтүүчү сел арыгы жана үлүштөргө өтүүчү арыгында аккан суу жылдан жылга жолдун жээктерин жееп, асфальт жолу кооптуу абалга келтирүүдө. Ошондуктан аталган арыктын жээгин бекемдеп , бетондоого каражат сурап жазган арызы.
6. Бирлик айылынын депутаттары РайимжановаЗ, Нурдинов И, Файзуллаев А жана Гуламидинова Г, М.Кубанов жана Улугбек көчөлөрүнүн четине 830 мт тратуар курууга каражат сурап жазган арызы.
7. М.Ахмаджанов көчөсүнүн тургундарынан аталган көчөгө 1 км жерине асфальт же шагал бастырып берүүгү каражат сурапжазган арызы.
8. М.Ахмаджанов көчөсүнүн тургундарынан аталган көчөнүн жанынан чоң арык өтөт, ошол арыкты бетондоп берүүгө каражат сурап жазган арызы.
9. Депутат Шоиев У жана Рахманова С, Жомий көчөсүнө жолу өтө начар болгондугуна байланыштуу 900 мт асфаль бастырууга каражат сурап жазган арызы.
10. А.Сайдахматов маданият үйүнүн жана №24, №14, айылдык китепкана башчыларынан аталган маданият үйүнү касметикалак ремонтуна,2 компьютер,стол,стул, шкаф жана жасалгалоосуна каражат сурап жазган арызы.
11. Артыкхожаев көчөсүнүн тургундарынан аталган көчөнүн сол жагындагы жолду асфальт бастырып берүүгө каражат сурап жазган арызы.
12. Х.Абдуллаев орто мектебинин жамаатынан мектептин жылытуу системасынын трубаларын жаңылоо, кошумча движок,насос, эшик терезелерин акфа эшик таразлерине алыштыруу, потолокторун ремонтоо,Мектептин айланасын тосууга жана 1 даана түстүү принтер алууга каражат сурап жазган арызы.
3. Октябрь айылынын Навбахор көчөсүнүн тургундары 25 кожолукка электр энериясы транформатор, стольба , зым жана жолдоруна шагал бастырууга каражат сурап жазган арызы.
14. «Хазрати-Али» №1 бокс мектебинин башчысы Ураимжанов Удан бокс мектебинде тарбиялануучу балдарды Азия, Кыргызстан чемпионаттарын катышууга алып баруу үчүн 300 миң сом каражат сурап жазган арызы.
15. Х.Файзуллаев көчөсүнүн тургундарын тарабынан аталган көчөгө 500 мт тратуар курууга каражат сурап жазган арызы.
16. «Обу-Хаят» СПАнын башчысы Маткаримов Х, Араван-Эрке-Кашка жолунун алдындагы каналдын абалы өтө- кооптуу болгодугуна байланыштуу 300 мт каналды ремонтоп, калыбына келтирүү үчүн 20 рейс шагалжана 10 тонна цемент алууга каражат сурап жазган арызы.
17. С.Юлдашев көчөсүнүн тургундарынан, аталган жолдун 400 мт рин асфальт басууга каражат сурап жазган арызы.
18. Б.Айдаров көчөсүнүн №11 көп кабаттуу үйүнүн тургундарынан, көп кабаттуу үйүнүн негизги канализациясын тазалоого каражат сурап жазган арызы.
19. «Ширинтай» балдар бакчасынын жетекчиси Салиходжаева Х, балдар бакчасынын дубалын тосуу үчүн 2000 даана песко блок,10 тонна цемент, шагал жана темир решетка, ажаткана курууга, ашкана курууга жана балдар бакчасынын имаратын шийферин алыштырууга каражат сурап жазган арызы.
20. «Бөбөктай» балдар бакчасынын жетекчиси Мамадраимова М, балдар бакчасына бесетка, медайым үчүн бөлмө,ашкана, балдар бакчасын айланасын тосуу жана тамак жасоо үчүн өчөк курууга каражат сурап жазган арызы.
21. В.Ахмедов көчөсүнүн тургундары, көчөбүз 1987- жылда асфальт болгон ошондон бери көчөбүздүн абалы өтө начарлап кеткен ошондуктан В.Ахмедов көчөсүнө асфальт бастырууга каражат сурап жазган арызы.
22. Эрке кашка айылынын ынтымак көчөсүнүн «Бирлик» ИСКАКБ нин башчысы Артиков У, таза суу системалары эскилигине жетип, акыркы убакта жараксыз абалга келүүдө ошондуктан суу система магистрал линияларыны капиталдык ремонтуна бардык чыгымдарына 323 миң сом
23. «Бирлик» башталгыч мектебинин директору Сидикова К, мектепке видио көзөмөл, бир компьютер, эки класс бөлмөсүн полун өтө начар абалда ошондуктан полун жаңылоо жана китепкана жок китепкана курууга каражат сурап жазган арызы.
24. С.Шарипов орто мектебинин жамааты, мурдагы эски корпусту ӨКМ өкүлдөрү жараксыз абалда деп тапкандагана байланыштуу азыркы күндө аталган корпустун ордуна жаңыдан мектеп корпусун 2 кабатуу, 8 окуу бөмөсүн куруу иштерин башталып, биринчи кабаты бүтүп калды. Калган иштерге Ата-Энелер жана демөөрчүлөрдүн көмөгү жетишсиз болууда,ошондуктан корпустун чатырын жабууга, дубалдарын шыбоого,электр жылытуу системасына жан эмеректерди сатып алууга каражат сурап жазган арызы.
25. «Бүчүр» балдар бакчасынын жетекчиси Г.Ибрагимова, балдар бакчасына балдар үчүн секинчек,карусель жана олтургучтар, тамак бышыруу үчүн ашкана, балдарга кружка,тарклка, кароол кана куруу, компьютер, видио көзөмөл жана 70 даана постельге каражат сурап жазган арызы.
26. А.Новои атындагы мектебинин директору Раупов И,мектепе эки даана акылдуу доска,50 комплект парта,бир даана тенис столу,торт пластик эшик жана от казанга вентелятор насос алууга каражат сурап жазган арызы.
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Н.Кубатов. |