Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы

2024-жылдын 26-июлу №1

 Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө

 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2024-жылдын 26-июль күнү саат 9:00 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясын өткөрүү үчүн  2024-жылдын 26-июль күнү саат 900 гө айыл аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.

2.Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага  жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.

  3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов