Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы

2024-жылдын 26-июлу №2

 Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:.

-Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бала бакча бөлүмүнүн 2218 статьясынан турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн 2215 статьясына 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.

2.Токтомду аткаруу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов