Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы

2024-жылдын 26-июлу №7

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылында жайгашкан “Бурган-Суу” орто мектебинин эки бөлмөсүн ижарага берүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылында жайгашкан “Бурган-Суу” орто мектебинин эки бөлмөсү “Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобосуна ылайык жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 30-августунда № 4 протоколунун негизинде 5 жылга ижарага берилсин.

2.Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов