Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2024-жылдын 04-сентябры  №1

Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө

 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясын өткөрүү үчүн 2024-жылдын 4-сентябрь күнү саат 9:00 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясын өткөрүү үчүн 2024-жылдын 4-сентябрь күнү саат 9:00 гө айыл аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.

2.Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов