Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2024-жылдын 04-сентябры  №5

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жел Айдар туризм” муниципиалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жел Айдар туризм” муниципиалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А. Мадалиевдин сунушун угуп, талкуулап

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жел Айдар туризм” муниципиалдык ишканасынын Уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

2.Токтомду Ош юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттатуу жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Баатыркулов

 

Кашка-Суу айылдык кеңешинин

                                                                  _____________2024-жылдагы

  №__токтомуна тиркеме

 

Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  алдындагы     “Жел Айдар туризм” муниципалдык ишканасынын уставы

 

 

1. Жалпы жоболор

1.    Ушул Устав Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн   алдындагы “Жел Айдар туризм” муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.

2.    Ишкананын уюштуруучусу болуп Кашка-Суу айыл өкмөтү саналат.

3.    Ишкана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн карамагында иштейт (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган).

4.    Ишкананын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  алдындагы     “Жел Айдар туризм” муниципалдыкишканасы”;

- расмий тилде: “Муниципальноепредприятие “Жел Айдар туризм” Кашка-Суйский айыл өкмөтү, Чон-Алайский район.

- англис тилинде:   “Jel-Aidar Tourism” municipial enterprise under Kasha-Suu village government of Chon-Alai district.

5.    Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:

-        мамлекеттик тилде: “Жел Айдар туризм” МИ”;

-        расмий тилде: “ГП “Жел айдар туризм”;

-        англис тилинде: “SE “Jel Aidar Tourism”

6.    Ишкана өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.

7.    Ишкана муниципалдык ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, анын чарбалык жүргүзүү укугунда берилген муниципалдык мүлкү бар, өзүнүн ишин ал толук чарбалык эсептешүүнүн негизинде жүргүзөт.

8.    Ишкана туристтик чөйрөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн ишинин жыйынтыктарына, өндүрүштүк-чарбалык ишине жана муниципалдык, мүлктүн менчик ээси, жеткирүүчүлөр, керектөөчүлөр, бюджет, банктар жана башка юридикалык жана жеке жактар алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

9.    Ишканада мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансалык-кредиттик мекемелердеги башка эсептери, электрондук кол тамгасы жана башка  жекелештирүү каражаттары бар.

10. Ишкананын дареги: 723701, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Чоң-Алай району, Кашка-Суу айылы Тунгуч көчөсү № 15.

11. Ишкана мамлекеттик катталган учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.

2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары

 

12. Ишкананын ишинин максаты болуп туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу жана ишке ашыруу саналат.

13. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) мамлекеттик жана региондук деңгээлде туризм чөйрөсүндөгү саясаттын аткарылышын камсыздоочу механизмди түзүү, ошондой эле туристтик, экскурсиялык, мейманканалык жана туризмди коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өнүктүрүү;

2) туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, муниципалдык менчикте болгон туристтик объектилердин, мейманканалардын, санатордук-курорттук уюмдардын жана туристтик тейлөө борборлорунун инфратүзүмүн модернизациялоо;

3) туризм чөйрөсүндө коммерциялык ишти жүргүзүү.

14. Ишкананын функциялары:

1) өлкөнүн ичиндеги  жарманкелерди, фестивалдарды, бизнес-форумдарды жана туризм маселелери боюнча башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

2) туризмди илгерилетүү боюнча маркетингдик чараларды комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) туристтик иштин субъектилери көрсөтүүчү кызматтын сапатын классификациялоо, сертификациялоо жана стандартташтыруу боюнча чараларды көрүү;

4) туристтик иштин субъектилеринин өкүлдөрү үчүн туризм маселелери боюнча окууну жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү;

5) туризм секторуна гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамды тартууга көмөктөшүүчү документтердин долбоорлорун даярдоо жана түзүү;

6) Ишкананын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо;

7) Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жайылтуусуна түрткү берген жарнамалык роликтерди жана басма продукцияларды иштеп чыгуу жана түзүү;

8) интернет мейкиндикте Кыргыз Республикасынын туристтик продукциясын илгерилетүү;

9) айыл өкмөтүндө туризмди өнүктүрүү;

10) туристтик иштин субъектилерине методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү;

11)туристтик объектилерди, мейманканаларды жана санаторийлик-курорттук уюмдарды натыйжалуу башкаруу;

12)туристтик объектилерди, мейманканаларды жана санаторийлик-курорттук уюмдарды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;

13)туристтик мааалыматтык борборлорду башкаруу жана аларды өнүктүрүү;

14) инвестицияларды тартуу жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн негизинде туристтик тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу;

15) туризмдин инфратүзүмүн жакшыртуу;

16) коммерциялык ишти жүргүзүү.

15. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу.