БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 15-декабрындагы № 74
Жакып Молдосан атындагы бала бакчанын жетекчиси А.Жапарованын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жакып Молдосан атындагы бала бакчанын жетекчиси А.Жапарованын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жакып Молдосан атындагы бала бакчага видео көзөмөл орнотуу үчүн 183852(жүз сексен үч миӊ сегиз жүз элүү эки) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Осмонов |